Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Элчилик: “Садоводдогу” өрттө кыргыз жарандары жабыр тарткан жок


"Садовод" базары, архивдик сүрөт.
"Садовод" базары, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы “Садовод” базарындагы өрт тууралуу маалымат таратты. Анда кырсыкта кыргызстандык жарандар жабыр тартпаганын билдирди.

“Элчиликтин кызматкерлери базардын администрациясы жана ал жакта иштеген кыргызстандыктар менен жолукту. Маалыматка караганда, кырсыкта үч киши жабыркаган. Ошондой эле 350дөй киши эвакуацияланган. Жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок”,-деп жазылган маалыматта.

Элчиликтин билдиришинче, “Садовод” Европадагы эң ири базар болуп саналат. Аянты 40 гектарга жетип, 9,5 миңдей дүкөн-контейнер бар. Анда 20 миңден ашык адам иштейт. Базарда күнүгө болжол менен 100 миңден ашык адам соода кылат.

"Садоводдо" негизинен борборазиялык мигранттар эмгектенет жана бул базарда былтыр ноябрда дагы өрт чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG