Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

ЕАЭБдин ичинде эң аз айлык акы Кыргызстанда


Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң аз айлык акы Кыргызстанда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында жарыяланды. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында орточо айлык былтыркыга караганда көбөйгөн. Арменияда 113,4%, Кыргызстанда 110,7% жана Беларуста 110,1% өскөн.

Буга карабай Кыргызстандагы орточо айлык акы биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң аз - 367 АКШ доллары болууда. Беларуста 638 доллар, Арменияда 676 доллар, Казакстанда 774 доллар, Орусияда 857 доллар.

Министрлер кабинети быйыл тогуз айда Кыргызстанда айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG