Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын" билдирди


Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 1-декабрь, 2023. Тажикстан, Бустон шаары.
Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. 1-декабрь, 2023. Тажикстан, Бустон шаары.

1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. Андан соң алардын биргелешкен кайрылуусун тажикстандык маалымат каражаттары жарыялашты.

Анда Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын айткан.

“Биз жаңы кабыл алган чечимдер биздин мамлекеттердин чек ара боюнча негизги маселелердин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Кийинки жолугушуу Баткенде өтөт. Ал жакта да чечимдер кабыл алынат, жумушчу топторубуз тынымсыз иштешет. Ошондуктан мен жалпы чечимге жакындадык деп ойлойм ”, - деди Ташиев.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айткан. Экинчи маселе эки мамлекеттин бири-биринин аймагындагы объектилер боюнча экенин кошумчалады.

“Кыргызстанга Тажикстандын аймагында жайгашкан объектилерин пайдаланууга уруксат берилет, бирок жер Тажикстандыкы бойдон калат. Ушундай эле принцип Тажикстан үчүн анын Кыргызстандын аймагындагы объектилерине да тиешелүү болот”, - деди Ятимов.

Ятимов да тараптар чек араны аныктоо боюнча негизги маселени чечүүгө жакындашканын ырастап, калган талаштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланарын белгиледи.

Кыргыз өкмөтү бул сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу учкай гана маалымат берди. Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев сүйлөшүүлөр Бустон шаарында уланып жатканын “Азаттыкка” билдирип, жыйынтыгы тууралуу маалымат берилерин кабарлады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору акыркы жолу 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG