Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Украина: Бир суткада 65 кагылышуу болду


Орус армиясынын аткылоосунун кесепети. Херсон. 12-ноябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын аткылоосунун кесепети. Херсон. 12-ноябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын күчтөрү 4-декабрга караган түнү Украинанын аймагына 23 жолу "Шахед" дрондору менен чабуул койду. Украин армиясы билдиргендей, алардын 18и абадан атып түшүрүлдү. Андан тышкары Х-59 башкаруучу авиабомбасы жарактан чыгарылды.

Херсон шаарынын мэри Роман Мрочко билдиргендей, 3-декабрда Днепр дарыясынын сол жээгиндеги орус күчтөрү калаанын борбордук бөлүгүн артиллерия менен аткылады. Соккулардын бири көп кабаттуу үйгө тийген. Андан тышкары шаардагы эки медициналык мекеме дагы аткылоого дуушар болгону кабарланды. Маалыматка караганда, эки карапайым тургун набыт болуп, жетиден көп киши жараат алды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 4-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Авдеевка, Купянск, Лиман жана Шахтерск багыттарында айыгышкан салгылашуу уланууда. Соңку бир суткада 68 кагылышуу катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG