Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталды


Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун отуруму.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун отуруму.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору чек аранын 24,01 чакырымын макулдашты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өттү. Жыйынтыгында тараптар кыргыз-тажик чек арасынын 24.01 чакырымын макулдашты.

Чек аранын калган тилкелери боюнча жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында уланат.

Бустондогу жолугушууга 1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышканы кабарланган. Камчыбек Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча жалпы чечимге жакындады деген пикирин айткан.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча да маселе дээрлик чечилгенин айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG