Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Исабеков Бажы кызматында кландык схема жок кылынганын билдирди


Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Кыргызстанда бажы тармагында буга чейин түзүлгөн коррупциялык схема толугу менен жоюлганын, бирок анын элементтери дагы деле бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 6-декабрда Бишкекте Бажы кызматынын 2023-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Мурункудай бир үй-бүлөгө байланган кландык схема жок. Бирок элементтери бар. Аларга каршы күрөш жүрүп жатат. Себеби, биз алардын жанында дайыма эле жүрө албайт экенбиз. Берилген арыздар менен билинип калган фактылар бар”, - деди Самат Исабеков.

Ал бажыдагы коррупциялык схема менен күрөшүүдө “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү менен жасаган журналисттик иликтөөлөр да жардам бергенин кошумчалады.

Жыйында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынганы белгилүү болду.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG