Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Ташиев "базар ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ал жайлар мамлекетке өтөрүн" айтты


Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл/
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл/

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп айтты.

Ал 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырды.

“Керек болсо мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген чиновниктердин базарларда контейнерлери бар. Ошолорду алып чыккыла, биз элге көрсөтөлү. Бүгүнкү күндө мамлекет элди кыйнап жаткан жок, ошол базар ээлери элди кыйнап жатат. Ошолор элди алып чыгып, ККМди токтотуп калалы деп жүрүшөт”.

Ташиев ири соода-сатык комлпекстеринин ээлери өлкөдөгү эң бай адамдар экенин айтып, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башка кишилердин ысымын атады. “Бул адамдар базарлардан ири кирешелерди көргөнү менен мамлекетке, коомго, кол алдындагы соодагерлерге мамилесин өзгөртпөгөнүн” айтты.

Ал ошондой эле салыктык реформа коррупцияны жоюуга, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багытталганын, реформа аягына чыгышына атайын кызмат жардам бериши керектигин кошумчалады.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттиги менен кезектеги маегинде “базарларда митингдер токтобосо, мамлекет ал жерлерге тышкы башкаруу киргизе турганын” белгилеген.

Акыркы эки жумада Кыргызстанда он миңдеген адам иштеген ири базарлардын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияларга чыгып, айрымдары иш таштады.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

5-декабрда Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG