Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Жалал-Абадда “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушталды


Ноокен району.
Ноокен району.

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Жалал-Абад облусуна “Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык аймагын түзүү сунушун берди. Тиешелүү мыйзам долбоору 6-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга чыкты.

Документтин маалымкат-негиздемесинде мындай аймак түзүлсө Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, инвестиция тартууга өбөлгө болору жазылган.

“Ноокен Технопаркы” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 180 гектар участоктун базасында биринчи кезекте өндүрүштүк долбоорлорду өнүктүрө турган аянтча түзүү сунушталууда – бул аянтча жыйноочу өндүрүштөн тартып, куну жогору өнүмдөрдү жасоону камтыйт”, - деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта борбордо “Бишкек” эркин экономикалык аймагы (“Бишкек” СЭЗ) бар.

Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылына да “Тамчы” эркин экономикалык аймагын түзүү каралууда. Президент Садыр Жапаров келечекте ал аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объектилер жайгаштырыларын, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүнчүлүк берерин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG