Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

УКМК кримтөбөл Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди. Мекеме билдиргендей, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана аларды каржылаган ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “кылмышка кошо катышкан” деп айыпталып кармалган.

Атайын кызмат шектүү Көлбаевдин кылмыштуу аракеттеринен жана ишкерлерден опузалап акча чогултарынан кабардар болуп туруп, кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен макулдашып узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдаштырып жүргөнү аныкталганын билдирди.

Маалыматта ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акчасын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктар аркылуу чыгарып турганы айтылат.

Атайын кызмат шектүүнүн мүлкүн иликтеп чыгып, Бишкек шаарындагы Elegance, Imperator эмерек дүкөндөрүнө ээлик кыларын тактаганын жазды. Андан тышкары 1222 чарчы метр имарат салынып жаткан жер участогу, жакын туугандарынын атына катталган турак жай жана батирлер бар экени белгиленген.

Шектүү 4-январга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар адамдарды жана кылмыштуу жол менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Атайын кызматтан маалыматына ылайык, бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG