Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Гутерриш Газадагы ок атышууну токтотууга чакырып, Коопсуздук Кеңешине кайрылды


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылды.

Бул берене ага Коопсуздук кеңешине дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген маселени алып чыгууга жол берет. Гуттериш кызматка келген 2017-жылдан бери биринчи жолу бул укугунан колдонду.

"Кыска убакыт ичинде болгон Газа тилкесиндеги жана Израилдеги жоготуулардын масштабын эске алуу менен, Баш катчы бүгүн уюмдун уставынын 99-беренесине таянып, Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жолдоду", - деди БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик.

Израилдин БУУдагы элчиси Гуттериштин бул кадамын айыптады.

Ал арада Бириккен Араб Эмираттары Кеңешке Гуттериштин кайрылуусу камтылган ок атышууну токтотуу боюнча резолюцияны сунуштады. Маалыматка караганда, ал документти бир катар Араб мамлекеттери колдоду. Дипломаттардын билдирүүсүнө ылайык, резолюция 8-декабрдагы жыйында добушка коюлат.

Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндө аскердик операциясын улантууда. 6-декабрдын кечинде өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жөөт аскерлери АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвардын үйүн курчоого алганын билдирди. Учурда Жабалия, Шежай жана Хан-Юнис аймактарында жөөт аскерлери менен "хамасчылардын" ортосунда айыгышкан кармаштар жүрүүдө. Хан-Юнис шаарынын тургундары бомбалоодон улам Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах калаасына качууга аргасыз болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG