Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробеков милицияга чакырылды


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын Фейсбукта видео аркылуу билдирди. Ал мындай кайрылуусун саат 18:30дар чамасында жарыялаган.

Анын суракка чакырылганы боюнча шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымат бере элек.

Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, Максим Горький атындагы гүлбагында 9-декабрда митинг өткөрөрүн билдирип келет. Мындай кайрылууларына байланыштуу ал 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына, Улуттук коопсуздук комитетине да чакырылган.

Жоробеков атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгында алдыдагы акцияга байланыштуу бир сааттык баарлашуу болгонун айткан.

Активист ага чейин милиция өзүн 3-декабрга болжолдонгон "Туудан колуңду тарт!" автожүрүшкө байланыштуу үч сааттык сүйлөшүүгө чакырганын жазган. Бул күнгө белгиленген автожүрүш болбой калган, башка күнгө жылган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген.

Милиция дагы, УКМК дагы Афтандил Жоробековдун суракка чакырылышына байланыштуу маалымат берген эмес.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн билдирген.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин калтырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG