Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Орус армиясы Украинанын аймактарына дрондор менен чабуулун улантты


Орус армиясынын Украинанын Харьков облусуна жасалган чабуулунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшкөн өрт өчүрүүчүлөр. 8-декабрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын Украинанын Харьков облусуна жасалган чабуулунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшкөн өрт өчүрүүчүлөр. 8-декабрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 8-декабрда Украинанын бир катар аймактарына дрондор жана ракеталар менен чабуулун улантты. Натыйжасында кеминде бир кишинин өмүрү кыйылып, бир нечеси жараат алды. Жарандык жана энергетикалык инфратүзүмдөргө олуттуу залака келтирилгенин жергиликтүү аткаминерлер кабарлашты.

8-декабрдын таңында баш калаа Киевде жана Черкассы, Кировоград, Херсон, Николаев, Чернигов, Полтава аймактарында коркунуч тууралуу эскерткен сирена жаңырды.

Днепропетровск облусунда орус армиясынын ракетасы Павлоград шаарына тийип, бир карапайым тургун мүрт кетти. Төрт киши жараат алганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин облус губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды. Ал беш дрон абадан атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Харьков облусуна С-300 ракеталары менен чабуул коюлду. Аймактын башчысы Олег Синегубов эки киши жараат алганын, мектептин имараты жана бир катар турак-жайлар жабыркаганын кабарлады. Аталган облустун Купянск районунда орус армиясынын аткылоосунан үч жай тургун жараат алып, бир менчик там талкаланганы маалым болду.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 8-декабрдагы отчетунда билдиргендей, Авдеевканын тегерегинде украин армиясы орус аскерлеринин 30дан көп чабуулунун мизин кайтарды. Орус күчтөрү бир нече аптадан бери Авдеевка шаарын курчоого алуунун аракетин көрүп келишет.

Орусиянын Коргоо министрлиги фото жана видео далилдерге карабастан, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын танып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG