Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Назарбаевдин күйөө баласы Кулибаев Kazenergy ассоциациясынын төрагалыгынан кетти


Казакстандык ишкер, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.
Казакстандык ишкер, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.

Kazenergy мунай-газ жана энергетикалык комплексин 2005-жылдан бери жетектеп келген Казакстандын мурдагы президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматтан кеткени маалым болду. Ассоциация өз сайтында жарыялагандай, эми төрага болуп Магзум Мирзагалиев дайындалган. Ал буга чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси, энергетика министри болуп эмгектенген.

“Форбс” журналынын версиясына ылайык, Кулибаев планетадагы эң бай адамдардын катарына кирет. Анын байлыгы болжол менен 4,3 миллиард долларды түзөт. Тимур Кулибаев Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Ал экөө Казакстандагы ири банкка ээлик кылышат жана башка бизнес-активдери бар экени кабарланып келет.

57 жаштагы Кулибаевди узак убакыттан бери Казакстандый мунай-газ тармагындагы эң таасирдүү фигуралардын бири деп санашчу. 2022-жылдын башындагы Январь окуяларынан кийин ал “Атамекен” ишкерлердин улуттук палатасынын башчылыгынан кеткен. Ошол эле жылы ал орусиялык “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешинен чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG