Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

ИИМ активист Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат берди


Активист Афтандил Жоробековдун үйүнөн табылды делген буюмдар. ИИМ тараткан сүрөт. 8-декабрь, 2023
Активист Афтандил Жоробековдун үйүнөн табылды делген буюмдар. ИИМ тараткан сүрөт. 8-декабрь, 2023

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат берип, ал "массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шек саналып" жатканын билдирди.

ИИМ Жоробековдун жашаган жерин тинтүү маалында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, Dell, MacBooК, Leonovo жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылганын кабарлады.

"Шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттардын орточо баасы 3 000 000 сомдон ашык сумманы түздү. Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды "Temirov Life" жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган", - деп жазылган маалыматта.

Жоробековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык башаламандыктарга чакырык, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүү чакырыктары) менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин басма сөз кызматы шектүүнүн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогону, ким каржылаганы жана "ал менен биргеликте башаламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары" такталып жатканын белгиледи.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Анын бөгөт чарасын 8-декабрдын кечинде караган Свердлов райондук соту активистти эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Судья Жоробековдун кармалышы мыйзамдуу болгон деп тапты.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG