Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

АКШ Израилге 106 млн долларлык курал сатат


Изралдин танктары Газа тилкесинде. 2023-жылдын 7-ноябры.
Изралдин танктары Газа тилкесинде. 2023-жылдын 7-ноябры.

АКШнын Ак үйү Израилдин Газадагы танктарына колдонулуучу 14 миңдей ок-дары берүүнү Конгресстин уруксатысыз жактырды. Анын көлөмү 106,5 млн доллар. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирди.

Президент Жо Байден ошентип мыйзамда каралган өзгөчө ыйгарым укуктарын колдонду. Бул жардам АКШ президенти буга чейин Конгресстен жактырууну суранган жарым миллиард долларлык ири келишимдин бир бөлүгү болуп саналат.

45 миңдей ок-дарыларды Израил Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик "террордук" деп санаган ХАМАС тобуна каршы колдонуп жаткан "Меркава" танктарына колдонот.

Бул жардам Газа тилкесинде америкалык куралды колдонуу же колдонбоо керек деген кызуу талаш-тартыштар учурунда берилип жатат. Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдар жана мамлекеттер Израилди карапайым палестиндерге зыян келтирип жатат деп айыптоодо. Израил болсо согушчан жоочулардын аскердик түзүмдөрүн талкалап жатканын айтат.

Октябрь айында президент Жо Байден Украинага, Израилге жана Тайванга аскердик жардам катары Конгересстен 105 млрд доллар сураган. Анын 60 миллиарды Украинага, 14 миллиард доллары Израилге каралган.

Ал мыйзам долбооруна ушул аптанын башында Сенат бөгөт койду. Каршы добуш берген республикачылар башка мамлекеттерге андай жардам берүүгө каршы эместигин айтышып, ошол эле маалда Мексика менен чек арада коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл дешкен болчу.

Кечээ АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган резолюциясынын долбооруна вето койгон.

Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү, анын ичинде Орусия да колдоду. Британия добуш берүүдө "калыс" позициясында калды. Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) иштеп чыккан долбоорго 97 өлкө авторлош болгон.

АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд резолюцияны "тең салмаксыз жана чыныгы турмуштан алыс" деп баалаган. Вуд документтин авторлору резолюцияга ХАМАСтын Израилге чабуулун айыптоону киргизүүдөн жана курман болгондорго көңүл айтуудан баш тартканын сынга алды.

Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур АКШны "кош стандарт" үчүн айыптап, америкалык вето "аскердик жаңы кылмыштарды жасоого көбүрөөк убакыт берерин" билдирди.

Ага чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG