Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Президент катышкан футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды


Футбол боюнча "Мурас" мелдешине 16 команда катышты. (Оңдо Садыр Жапаров). 2023-жылдын 9-декабры.
Футбол боюнча "Мурас" мелдешине 16 команда катышты. (Оңдо Садыр Жапаров). 2023-жылдын 9-декабры.

8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында кичи футбол боюнча кезектеги “Мурас” мелдеши өттү. Анын жыйынтыгында финалга “Президенттин командасы” менен медиктерден куралган "Ден соолук" командасы чыгып, эсеп 2:1 менен мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетти. Президент Садыр Жапаров бул оюнда 2 топ киргизди, жалпысынан ал 5 оюнда он үч топтун автору болуп, "эң мыкты бомбардир" аталды.

Мелдешке жалпысынан 16 команда катышты. Алар -"Президенттин командасы", "Ден соолук", Кыргызстандагы диаспора өкүлдөрүнүн "Достук", "Спорт жылдыздары", "Журналисттер", соттордун "Фемида", ырчылардан, актерлордон куралган "Өнөр", "Жогорку Кеңеш", "Аймактар", "Билим", "Спорт федерациялары", "Бизнес", дин аалымдарынын "Ыйман", күч органдарынын "Коопсуздук", "Алга" жана "Банктар".

Мелдеште үчүнчү орунду "Спорт жылдыздары" командасын жеңип алган "Достук" алды.

"Эң мыкты оюнчу" деп "Ден соолук" командасынын оюнчусу Нурлан Турусбеков, "Мыкты дарбазачы" деп Учкун Байсубанов аталды.

"Садыр Жапаров турнирдин негизги максаты "сергек жашоо образын жайылтуу экенин, спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин белгиледи", - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары президент Садыр Жапаровду иш күндөрү футбол мелдешине катышканы үчүн сынга алышкан. 8-декабрда мамлекет башчысы оюндар ортосунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл алганын жана тыныгуу маалында иш кагаздары менен иштеп, министрлерди кабыл алып жатканын анын басма сөз кызматы билдирген.

Жапаровдун алгачкы кесиби спортчу, ал 1991-жылы Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия (Славян) университетин аяктап, «юрист» адистигин алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG