Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:06

12-декабрдын аба ырайы


Бишкек. Архив сүрөт.
Бишкек. Архив сүрөт.

Шашылыш билдирүү

11-12-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

10-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп,Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2…+3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° болот.

12-14-декабрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -19…-24°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° болот.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-110 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

12-декабрдын аба ырайы

12-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15;

Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14°, күндүз -11…-13° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG