Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион сомдон ашты

Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 триллион сомдон ашып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 11 айдын баштапкы жыйынтыгын чыгарган соң жарыялады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында сүйлөп жатып, өлкөнүн ИДПсы ноябрь айынын аягында 1 триллионго жетерин маалымдаган. Ал мындай көрсөткүч эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатканын белгилеген.

Акылбек Жапаров өкмөт 2024-жылга ИПДны 1 трлн 259 млрд сом деп пландап жатканын да кошумчалаган.

Мурдараак эл аралык финансылык институттар Кыргызстандын экономикасына байланыштуу болжолдорун жаңылап жарыялаган. Жылдык өсүү темпин Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 3,8%, Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) 3,4% жана Дүйнөлүк банк 3,5% деп эсептеген.

Кыргызстандын өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы пандемиялык кырдаалдан улам тескерисинче 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG