Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

12-декабрь: Президент Оштун мэрин сактап калды, электрди керектөө кескин өстү

Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

12-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Дагы бир курулушчуга иш козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгы “Орион” курулуш компаниясынын ээси Куттубай Мурзабаевге иш козгогону белгилүү болду. Ага “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган. “Азаттыктын” жеке булактары Куттубай Мурзабаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулганын билдиришти. Буга чейин Бишкекте маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы бар делген бир нече курулуш тармагында иштеген ишкерлер кармалган. Куттубаев УКМКнын айыбы боюнча комментарий бере элек.

Президент Оштун депутаттарын сындады

Президент Садыр Жапаров Оштун мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин өтүнүчүн эмне үчүн четке какканы тууралуу комментарий берип жатып, жергиликтүү депутаттарды сындады. Ал шаардык кеңеште коррупцияга аралашкан, мыйзамсыз курулуш менен алектенген депутаттар бар экенин айтты. Ош шаардык кеңеши 14-ноябрда Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Шаардык кеңеш “мэрия алардын токтомдорун аткарбай жатат” деп эсептейт.

Электр жарыгын керектөө кескин көбөйдү

Күндүн суукташы менен Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин жогорулап, ушул күндөрү суткалык керектөө 66 млн кВт/саатка жетти. Расмий маалымат боюнча былтыр так ушул күндөрү кыргызстандыктар суткасына 62 млн кВт/саат электр энергиясын керектеп турган. Статистикага ылайык, Кыргызстанда жарыкты керектөө жылдан-жылга 6-7% чейин көбөйүп жатат.

УКМК кармаган салыкчылар иштен айдалды

“Дордой” базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалган Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери жумуштан алынды. Ал тапта Чүйдөгү бир топ базарлар соодагерлерге ижара акысын азайтты. Бул жараян бийлик ККМ талкуусунан кийин базарларга тышкы башкаруу киргизүү тууралуу эскертүүсүнөн кийин башталган.

Пикир үчүн айыпка жыгылгандар

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп, же жазага тартылган 30го чукул жарандын тизмесин аныктады. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. Жалпы 25 жаранга кылмыш иши козголгон. Төрт киши суракка чакырылып эскертүү алган. Толук тизме менен бул жактан таанышыңыз.

Газада ЦАХАЛдын операциясы уланууда

Израил армиясы 12-декабрда Газа тилкесин бомбалоону улантты. Ошондой эле ЦАХАЛ ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган) тобунун Жабалия менен Шежая шаарларындагы акыркы позицияларын курчоого алганын билдирген. Израилдин коргоо министри Йоав Галант ырастагандай, соңку күндөрү жүздөгөн хамасчылар өз ыктыяры менен колго түшүп, көбү кармалды.

Украин президенти Вашингтондо

Украинанын президенти АКШдагы эки күндүк сапарынын алкагында 11-декабрда Улуттук коргонуу университетинде сүйлөдү. Аны АКШнын Коргоо министри Остин Ллойд тосуп алып, Вашингтон Орусиянын агрессиясына каршылык көрсөтүп жаткан Украинаны колдорун, мындай колдоо улана турганын кошумчалады. Өз кезегинде Владимир Зеленский украин армиясынын фронттогу ийгиликтерин, орус күчтөрү басып алган аймактын 50% кантип кайтарылганын айтып берип, Вашингтонго буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Өчпөс отту" өчүргөн өзбек өспүрүмдөр Орусиядан чыгарылат

Санкт-Петербургдун полициясы кар менен "Өчпөс отту" өчүргөн үч баланы жана алардын ата-энелерин өлкөдөн депортациялоо боюнча сотко кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы социалдык тармактар аркылуу билдирди. Полиция балдар 10 жана 14 жаштагы ага-инилер, 12 жаштагы өспүрүм экенин аныктаган. “Фонтанка” менен “База” агенттиктери өспүрүмдөрдүн ата-энелери өзбекстандыктар экенин жазды.

Бишкекти калың кар чулгады

Бишкекте 12-декабрга караган түнү кар калың жаады. Жолдордо тыгын дагы көбөйүп, автоунаалардын кыймылы кыйындады. “Азаттыктын” борбордогу кыш боюнча сүрөт баянын көрүңүз.

Бишкек: Калың кар, тыгын жана аялдама

Жолдордогу тыгын жүргүнчүлөргө ашыкча түйшүк жаратты. Шаар тургундары коомдук транспортту узак убакыт бою күтүп турушат. 12-декабрь, 2023-жыл. Бишкек 
1/19 Жолдордогу тыгын жүргүнчүлөргө ашыкча түйшүк жаратты. Шаар тургундары коомдук транспортту узак убакыт бою күтүп турушат. 12-декабрь, 2023-жыл. Бишкек 
Синоптиктер 12-14-декабрда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -15…-20°, Нарын облусунда -19…-24°,  бийик тоолуу райондордо -30…-35° суук болорун эскертти.
2/19 Синоптиктер 12-14-декабрда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -15…-20°, Нарын облусунда -19…-24°,  бийик тоолуу райондордо -30…-35° суук болорун эскертти.
Бишкекте калың кар эмес, кыламык жааса деле жолдордо узун тыгын пайда болушу адатка айланган. 
4/19 Бишкекте калың кар эмес, кыламык жааса деле жолдордо узун тыгын пайда болушу адатка айланган. 
Курьер болуп иштеген жаран. Бишкек 
6/19 Курьер болуп иштеген жаран. Бишкек 
Бишкектеги борбордук "Панфилов" паркы. 12-декабрь, 2023-жыл 
8/19 Бишкектеги борбордук "Панфилов" паркы. 12-декабрь, 2023-жыл 
Ала-Тоо аянты. Кар күрөп жаткан &quot;Тазалык&quot; муниципалдык ишканасынын жумушчулары. Калың карда алардын иши ого бетер көбөйдү. Аталган мекеме 27 автоунаа, 10догон атайын техника менен жолдорду тазалап жатканын маалымдады.&nbsp;<br />
&nbsp;
10/19 Ала-Тоо аянты. Кар күрөп жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары. Калың карда алардын иши ого бетер көбөйдү. Аталган мекеме 27 автоунаа, 10догон атайын техника менен жолдорду тазалап жатканын маалымдады. 
 
&ldquo;Кыргыз автожол&rdquo; ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.
11/19 “Кыргыз автожол” ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.
Бишкектеги &quot;Ала-Тоо&quot; аянтында башкы балатыны кооздоо иштери жүрүп жатат.&nbsp;
12/19 Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балатыны кооздоо иштери жүрүп жатат. 
&quot;Тазалыктын&quot; жумушчулары иш учурунда&nbsp;
13/19 "Тазалыктын" жумушчулары иш учурунда 
Аялдамада автобус күткөн жарандар.&nbsp;Бишкек мэриясы коомдук транспорт эртең мененки саат 5:00дөн кечки 23:00гө чейин иштеп жатканын билдирди.&nbsp;
14/19 Аялдамада автобус күткөн жарандар. Бишкек мэриясы коомдук транспорт эртең мененки саат 5:00дөн кечки 23:00гө чейин иштеп жатканын билдирди. 
Күндүн суугуна карабай Ош базарда соода кызуу. 12-декабрь, 2023-жыл&nbsp;&nbsp;
16/19 Күндүн суугуна карабай Ош базарда соода кызуу. 12-декабрь, 2023-жыл  
&nbsp;Бишкектеги башкы балаты.&nbsp;
19/19  Бишкектеги башкы балаты. 
Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG