Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Акылбек Жапаров кыргыз алтыны Лондон биржасында дүйнөлүк баада сатыларын маалымдады


Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондон биржасында. 28-ноябрь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондон биржасында. 28-ноябрь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын ноябрдын аягында Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жасаган үч күндүк жумушчу сапарынын жыйынтыгын чыгарып, кенен маалымат таратты. Анын билдирүүсүн “Кабар” улуттук маалымат агенттиги 12-декабрда жарыялады.

Кыргыз делегациясы Лондондо 28-29-ноябрь күндөрү болду. Жапаров анда Кыргызстан аталган өлкө менен дипломатиялык мамиле түзгөн 30 жыл ичинде жасалбаган иштерди жасап келишкенин белгиледи. Ал бул иш сапарды “эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердеги чыныгы бурулуш” деп атап, анда отуздан ашык жолугушуу жана иш-чаралар өткөнүн тактады.

Анын ичинде Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, азыркы тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен, Ариэль Ротшильд айым башында турган “Ротшильд” компаниясынын жетекчилиги менен, Улуу Британиянын Соода өнөр жай жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нусрат Гани айым менен, Улуу Британиянын Парламентинин депутаттары менен, “Ротшильд” компаниясынын штаб-квартирасында Лондон Сити ишкер чөйрөсү жана башкалар менен кездешүү болгон.

Акылбек Жапаров жумушчу сапардын алкагында бир катар келишимдер кабыл алынганын, анын ичинде Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) биржасында кыргыз алтынын мындан ары дүйнөлүк баада сатуу жетишилгенин маалымдады. Ал ошол эле маалда Бишкектин алтыны буга чейин кандай баада сатылып келгенин тактаган жок.

LBMA биржасында учурда алтындын 1 унциясынын наркы 1900-2000 АКШ долларынын тегерегинде болуп жатат.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан чет жакка 9 тонна 926,7 кг алтын саткан. Мунун наркы 619 млн доллар, же 54 млрд сом болгон.

Кыргызстандын өкмөтү 2021-жылы канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген соң Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна Good delivery макамын жокко чыгарган. 2022-жылы апрелде кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” келишип, кенди Бишкек толук колго алгандан бир айдан кийин LBMA аталган макамды "Кыргызалтынга" кайрадан кайтарып берген. Натыйжада Кыргызстан өз алтынын аталган биржада тоскоолдуксуз сата баштаган.

"Кыргызалтын" ишканасына караштуу Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводу Good delivery деген статуска 1999-жылы ээ болгон. Бул макам кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенин кепилдейт. Мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү эч тоскоолдуксуз сатып алат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG