Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:12

“Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


"Бороондуу бекет", "Ак кеме" спектаклдери менен жеңишке жеткен Уланмырза Карыпбаевге сыйлык тапшырылып жатат.
"Бороондуу бекет", "Ак кеме" спектаклдери менен жеңишке жеткен Уланмырза Карыпбаевге сыйлык тапшырылып жатат.

Бишкекте өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалы жыйынтыкталды. Калыстардын чечими менен 14 спектаклдин ичинен үчөө баш бейгени жеңип алды.

Азербайжан Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма жана комедия театры “Бороондуу бекет” спектакли менен фестивалдын башкы сыйлыгын жеңсе, Казакстандын Астана шаарынын "Жаштар " театры “Жан пида” (Жан садага) спектакли менен (чоң формадагы спектакль), Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры “Ак кеме” спектакли менен (чакан формадагы спектакль) баш байгеге татыды.

Х.Намсараева атындагы Бурятия мамлекеттик академиялык театры койгон “Би-Толгонай" спектакли мыкты моноспектакль деп табылды.

“Аялзатынын эң мыкты ролу номинациясы” Өзбекстандын улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Малика Иброхимовага Толгонайдын образы үчүн, “Эркектин эң мыкты ролу” номинациясы А. Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма театрынын актёру Нартай Сауданбек уулуна Эдигейдин образы үчүн ыйгарылды.

Ал эми “Экинчи пландагы аялзатынын мыкты ролу” номинациясын Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын актрисасы Жанаргүл Жаныаманова, “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу” номинациясын Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Жеңиш Сманов жеңди.

Мындан сырткары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры “Эң мыкты актёрдук ансамбль”, Азербайжан мамлекеттик театры “Эң мыкты пластикалык интерпретация” деп табылса, Муса Жангазиев атындагы куурчак театры калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды. “Фестивалдын ачылышы” номинациясы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын актрисасы Айшоола Тажыбековага “Ак кемедеги” баланын ролу үчүн берилди.

Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы орус улуттук драма театры “Айтматовдун прозасын оригиналдуу сахналаштырды” деп табылса, Фестивалды уюштуруучулардын сыйлыгы Түркмөнстандын мамлекеттик театрына “Ак кеме спектакли үчүн” берилди.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Сания Кабдиева, орусиялык театр сынчысы Айсылу Сагитова, Түркмөнстандын эл артисти Гулялек Мухамметоразова жана театр сынчысы Болотбек Жунушов кирген.

Алтынчы ирет өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык театр фестивалы Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган.

7- декабрда башталган фестивалга Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар катышып, көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашты. Спектаклдер борбордогу театрларда акысыз көрсөтүлдү. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG