Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган форум өтүп жатат


"Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде” эл аралык форуму. 13-декабрь, 2023-ж.
"Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде” эл аралык форуму. 13-декабрь, 2023-ж.

Бишкекте "Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде” аталган эл аралык форум өтүп жатат.

Ага Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк академиктер, Азербайжан, Армения, Беларус, Молдова, Грузия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген театр жана кино ишмерлери катышууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов форумга дүйнөлүк белгилүү интеллигенция өкүлдөрү келгенин белгиледи.

Иш-чарада Айтматов таануучулардын илимий баяндамалары угулуп жатат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “ART - араба” коомдук фонду уюштурган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG