Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарына кирди


Бишкекти каптаган ыш. Архивдик сүрөт.
Бишкекти каптаган ыш. Архивдик сүрөт.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 13-декабрдагы индексинде Бишкек күндүз 192 көрсөткүч менен алдыңкы үч сапка кирген. Азыр абанын индекси 158ди көрсөтүүдө.

Саат 21:00дөгү маалымат боюнча Бишкек абасы ден соолукка кооптуу деп саналган шаарлардын тизмесинде 11-сапка илинди. Азыр 308 көрсөткүчү менен Индиянын баш калаасы Дели тизменин сап башына чыкты. Индекс улам алмашып турат.

Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашиналардын түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан.

Буга чейин машинелерден бөлүнгөн азот оксиди Бишкек жылуулук электр борборунун түтүнүнөн эки эсеге көп экенин абанын булганышынын себебин иликтегендер айтып чыккан жана автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунуштаган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги абанын булганышына алып келип жаткан биринчи себеп Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, экинчиси шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, үчүнчүсү автоунаа экенин жарыялаган.

ЮНИСЕФтин быйыл чыккан баяндамасында 2019-жылы Европа жана Борбор Азияда абанын булганышынан улам 5 миң 800 бала чарчап калганы, алардын 85% бир жашка чыга элек наристелер экени жазылган.

Быйыл шаардык мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Ага ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугуна да ээлик кылат. Мэрия ышты азайтуу максатында быйылкы Жаңы жылдык салют аттыруудан баш тартканын билдирген.

Быйыл ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө жеңилдетилген насыя 50 миллион доллар бөлөрү белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG