Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

Навальныйдын кайда экени сегиз күндөн бери белгисиз


Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш 13-декабрда X социалдык түйүнүнө анын тагдырына байланыштуу кооптонуу бар экенин жазды.

12-декабрда орус өкмөтү менен байланышы бар Baza Телеграм-каналы Навальный Владимир облусундагы түрмөдөн Москвага ага каршы вандализм боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында которулганын жазган. Маалымат эч жерден ырастала элек. 11-декабрда Навальныйдын адвокатына саясатчы башка түрмөгө которулганын айтышкан, бирок кайда экенин такташкан эмес.

Тарапташтарынын маалыматына караганда, Навальный декабрдын башында өзүн начар сезип жаткан. Ярмыш менен Руслан Шаветдинов белгилегендей, саясатчыга тамак берилбей, аба алмашпаган камерада кармап, таза абада сейилдөө убактысын кыскартып салышкан.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан саясатчы өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Анын тарапташтары социалдык тармактарда #ГдеНавальный деген хештег менен акция баштады. АКШ менен Евробиримдик саясатчынын тагдырына тынчсыздануусун билдиришти. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин администрациясынын түрмөдөгүлөрдүн, анын ичинде Навальныйдын тагдырына көз салып отурууга убактысы жок экенин билдирди.

Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG