Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Быйыл чет өлкөлөрдөн 530 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алынып келген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG