Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Милиция активист Адилет Балтабайды камакка алганы айтылууда


Адилет Балтабай. Архив.
Адилет Балтабай. Архив.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Сокулук райондук милициясынын тергөө изоляторуна камакка алынганы айтылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 15-декабрда анын жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.

“Жума намазынан кийин мага Адилет чалып, милиция кызматкерлери кармап кетишкенин, бир суроо берип коё беришерин айтты. Бирок коё беришкен жок. Мен райондук милициянын жетекчилигине чейин кирдим. Аны кармоо боюнча соттун токтому бар деп жатышат, бирок көрсөтө алышкан жок”, - деди Жапарова.

Мунун алдында Адилет Балтабай “Азаттыкка” аны “Сокулук районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз” деген адамдар автоунаага салып Сокулукка алып баратканын билдирген.

Милиция бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

11-декабрда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда активисттин иши боюнча сот жараяны болмок. Бирок адвокаты ооруп калганына байланыштуу соттук отурум 22-декабрга жылдырылган.

Сокулук райондук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) бир нече саат суракта болгонун, Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогу тууралуу суроолорду беришкенин айтып берген. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрель айында эркиндикке чыккан.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG