Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Президент Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү талабына жооп берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берди. Мунун алдында курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп жатып Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык кылууну талап кылып жатышканын учкай айтып өткөн.

“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат. 15-декабрда башталган курултай 16-декабрда жыйынтыкталат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG