Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Активист Адилет Балтабайдын ата-энеси бийликке кайрылды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин апасы Сайкал Жунусова, атасы Мыктыбек Балтабаев президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Алар уулу пикирин ачык айтканы үчүн куугунтукталып, камакка алынганын айтышты.

“Балабыз эч кимге зыян келтирген жок. Мамлекетке, элге каршы чакырык жасаган эмес. Адилет болгону калыс сөзүн айтып келатат. Конституциянын 32-беренесинде “ар бир адам пикирин ачык айтууга, калыс оюн билдирүүгө укуктуу” экени жазылып турат”, - деди Сайкал Жунусова.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды 15-декабрда кармап, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Өткөн айда Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранган. Бул өтүнүчүн “ал пробация эрежелерин бузганы” менен негиздеген.

Адвокаты Эрлан Казаковдун айтымында, Адилет Балтабай Сокулуктан Бишкекке келгени үчүн "эреже бузду" деп табылган. Сот 10-ноябрда ага карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган. Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берилип, отурум 22-декабрда дайындалган.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрель айында эркиндикке чыккан.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG