Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

Укук коргоочу Токтонасыровдун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Өндүрүш Токтонасыров Биринчи Май райондук сотунда. 2-ноябрь, 2023-жыл
Өндүрүш Токтонасыров Биринчи Май райондук сотунда. 2-ноябрь, 2023-жыл

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 18-декабрга белгилеген соту болбой калды.

Адвокаты Жаныш Бараков "Азаттыкка" жараян мамлекеттик айыптоочунун ден соолугуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылганын билдирди.

Сот 2-ноябрдан бери түрдүү себептер менен бир нече жолу улам артка жылып келген.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбукка Токтонасыров сотко Бишкекке Манас айылынан келерин, үч миң сом гана пенсия аларын жазып, ага карата сот ишин токтотууга чакырды.

"Кайсы бир эксперт Өндүрүш Токтонасыровдун соцтармакта жазгандарында улут аралык кастыкты козутуу бар деп чечип койгону үчүн айып тагылып жатат. Кантип, кайсы улуттар аралык кастыкты козутту? Байкеге куугунтукту токтоткула", деп жазды Абдирасулова.

Өндүрүш Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда. 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары "кастыкты козуткан" деген тыянак чыккан.

Ага карата кылмыш иши ушул жылдын 30-мартында козголгон. Бирок ал бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG