Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Сербияда парламенттик шайлоону бийликтеги коалиция жеңди


Александр Вучич.
Александр Вучич.

Сербиянын президенти Александр Вучич 17-декабрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» жетектеген башкаруучу коалиция жеңишке жетишкенин жарыялады.

"127 мандат менен бизде парламентте абсолюттук көпчүлүккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү ачылат", – деди Вучич.

Шайлоо бюллетендеринин 97% эсептелип чыккандан кийин Вучичтин коалициясы добуштардын кеминде 47% ээ болгону жарыяланды, эми ал парламенттеги 250 мандаттын 128ин ала алат.

Экинчи орунга батышчыл көз карашты карманган оппозициялык "Сербия зомбулукка каршы" блогу чыкты. Баштапкы маалымат боюнча, ал добуштардын 23% алды жана парламенттеги 65 орунду алат.

Ал эми үчүнчү орунга добуштардын жети пайызга жакынын алууга жетишкен «Сербиянын социалисттик партиясы» коалициясы чыкты, анын энчисине 18 мандат тийет.

Үч пайыздык босогодон өтө алган партиялар арасында "Улуттук-демократиялык альтернатива" (NADA) жана эмдөө өнөктүгүнө каршы көз карашы менен белгилүү Бранимир Несторович жетектеген орусиячыл "Биз – элдин добушу" блогу бар.

"Сербия зомбулукка каршы" оппозициялык блогу бийликти «добуштарды уурдады» деп айыптап чыкты жана «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» Белград шаарында утушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Оппозиция нааразылык акциясын жарыялап, "Мыйзамдуу каттоосу жок 40 миңден ашуун адамды бийликтин партиясын колдоо үчүн атайын уюштуруп, Белградга ташып барышты. Бул жагдай белграддыктардын жалпы чыныгы пикиринин бурмаланышына алып келди. Белград боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз", – деп айтылды оппозициянын билдирүүсүндө.

Серб парламентинин депутаттары төрт жылдык мөөнөткө шайланышат. Вучич шайланганына эки жыл боло элек 250 орундуу парламентти быйыл 1-ноябрда тараткан. Буга май айында жалпы 19 кишинин өмүрүн алган, ок атуу коштолгон эки окуядан кийин бийликке басымдын күчөгөнү себеп болгон. 3-майда Белграддагы мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кеминде сегиз классташын атып өлтүргөн. Андан бир күндөн кийин Белграддын түштүгүндөгү айылдардын биринде 21 жаштагы жигит автоунаасынан жергиликтүү тургундарга ок жаадырган. Бул окуялар Вучич баштаган лидерлердин отставкасын талап кылган акцияларга жол ачкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG