Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Корея Бишкекте оорукана курууга 27 млн доллар насыя берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Корея Бишкектеги жугуштуу дарттар ооруканасынын жаңы корпусун курууга 27 млн доллар насыя бөлөт. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 18-декабрда оорукананы фукционалдуу жакшыртуу боюнча "Министрлер кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Макулдашууга 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов насыяны жоюу мөөнөтү 40 жыл экенин, алгачкы 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналарын жана бул убакыт аралыгында насыя 0,1 % жана тейлөө үчүн комиссия ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 % болорун билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов Ош шаарында медициналык мекемелерди куруу маселесин кароону сунуштады. Депутат Лейла Лурова консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын диспропорциясына көңүл бурду.

"Эгерде насыя болгону 27 млн долларды түзсө, анда консультациялык кызматтар 7 млн долларын түзөт, ал эми жабдууларга болгону 5 млн доллар каралууда", - деген эл өкүлү макулдашууларды ратификациялоодо консультациялык кызматтарга кеткен чыгымдардын өлчөмүн кылдат карап чыгууга чакырды.

Жугуштуу оорулар клиникасы өлкөдөгү эң көп ооруларды кабыл алат. Коронавирус пандемиясы учурунда бул клиника "кызыл аймак" болуп, оор бейтаптар жаткан. Коомчулукта өлкөдө заманбап ооруканалардын жана адистердин тартыштыгы көп талкууланып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG