Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Токторбаев: ТикТокту бөгөттөөгө техникалык мүмкүнчүлүктөр бар


Тик Ток платформасы Кыргызстанда жабылбайт. Бул тууралуу Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев 19-декабрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Тик Ток социалдык тармагын Кыргызстандын аймагында бөгөттөө боюнча сунуш август айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен берилген. Бирок Тик Токтун өкүлдөрү менен аталган министрликтин сүйлөшүүлөрүнөн кийин, социалдык тармакты бөгөттөө токтотулган. Азыр жабылбай эле турат".

Алтынбек Токторбаев министрликте Тик Токту жабууга толук техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырастады.

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга Тик Токто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Тик Ток - Кыргызстанда дагы кеңири колдонулган социалдык тармактардын бири. Анда билим берүү, маданият, спорт, бизнес сыяктуу бардык тармакка тиешелүү контент же жөн эле көңүл ачуучу видеолорду дагы көрүүгө болот.(MKt/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG