Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Быйыл кызамыктан алты бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери кызамык (корь) жуккан алты бала чарчап калды. Бул маалыматты Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Марал" радиосундагы маегинде жыл башынан бери 6 миңге жакын бала кызамык менен ооруганын билдирген. Ал кызамыкка каршы эмдөөдөн өтө турган 16 миң бала бар экенин, көпчүлүк ата-энелер баласын эмдетүүдөн баш тартып жатканын айткан.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы былтыркыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өскөн.

2023-жылдын январынан декабрына чейин эки чөлкөмдө кызамык тастыкталган 30 миңден ашуун бейтап катталган.

Оорунун тарашы боюнча Казакстан биринчи орунда турат. Декабрдын башында коңшу өлкөдө 13 миңден ашуун адамга кызамык жукканы аныкталган. Бул ар жүз миң адамдын 69у оорууга чалдыккан дегенди билдирет. Кыргызстан экинчи орунда. Өлкөдө буга чейин ооругандардын 85% эмделбегендер экени белгиленген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү кызамыкка каршы чараларды күчөтүүгө чакырып келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG