Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Түркмөнстанда бийлик жаңы жылдык балатыларды көчөлөрдөн алдырууда


Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстанда бийлик органдары элден чогултулган акчага орнотулуп, жасалгаланган жаңы жылдык балатыларды кайра алдырып жатканын бүгүн 19-декабрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди. Балатыга деген акчаны мекеме-ишканалардан жана окуу жайлардан декабрь айынын алгачкы күндөрүндө чогулта башташкан.

Эми алар эмне себептен орнотулган жеринен кайра алынып жатканы тууралуу бийликтен эч кандай түшүндүрмө жок экени, мисалы, Мары жана Байрамали шаарларында калаа администрациясынын жана күч органдарынын кызматкерлери көчөдөгү гана эмес, имараттардын ичиндеги балатыларды да алып салууну талап кылып жатышканы, аларды орнотууга кызматкерлердин бир топ акчасы кеткени кабарланды.

Мары шаарында жаңы жылдык расмий майрамдык иш-чара өтө турган аянттагы гана бир нече балаты калды. Лебапта да жакында эле кооздолуп, ар бир мамлекеттик мекеменин алдына орнотулган балатыларды алып коюшту, мамлекеттик телеканал үчүн көрсөтүү тартыла турган жерлердикин гана калтырышты.

Бийлик органдарынан расмий комментарий жок, бирок мындай чаранын негизги максаты өрт коопсуздугун камсыз кылуу экени айтылууда.

Айрым ата-энелер жаңы жылдык маанай тартуулаган балатылардын алынып жатышына нааразы болууда.

Түркмөнстан аймактагы гана эмес, дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Социалдык-экономикалык жактан оор проблемаларга кептелген, калкынын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаган, жумушсуздук өкүм сүргөн Түркмөнстанда балдардын көпчүлүгү бакубат жашоону көрбөй өсүп келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG