Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Назарбаевдин иниси мыйзамсыз чыгарган акча кайтарылганы кабарланды


Кайрат Сатыбалды (оңдо). Архив
Кайрат Сатыбалды (оңдо). Архив

Казакстандын Коррупция менен күрөшүү кызматы өлкөгө 55 млрд теңгеден ашуун каражат кайтарылганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, акчаны мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды мыйзамсыз чыгарып кеткен.

«Быйыл декабрда эле мекеме көргөн чаралардын арты менен К.Сатыбалды уулунун 120 млн АКШ доллары кайтарылды. Бул 55,4 млрд теңгенден ашат», - деп кабарлады коррупцияга каршы кызмат.

Маалыматта сөз болгон каражат мамлекетке келтирилген чыгымды жабуу үчүн республикалык бюджетке багытталганы айтылат.

Бир күн мурда сот Сатыбалдынын абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу арызын канааттандырбаганы кабарланган.

Былтыр ал «ондогон миллиард тенгени кымырып алууга» айыпталып, алты жылга кесилген.

Буга чейин Назарбаевдин кызынын кудасы, олигарх Кайрат Боранбаев эркиндикке чыкканы маалымдалган. Ал шарттуу жана мөөнөтүнөн мурда бошоп чыгардан мурда «чыгарылып кеткен активдер мамлекетке кайтарылганы» жөнүндө маалыматтар тараган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG