Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Пакистан жана Иран абактагы оогандарды мекенине жөнөттү


Пакистандан Ооганстанга бет алган оогандар. Ноябрь, 2023-жыл
Пакистандан Ооганстанга бет алган оогандар. Ноябрь, 2023-жыл

Пакистандын жана Ирандын абактарында кармалып келген миңдеген оогандык киши Ооганстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыктын" ооган кызматы жазды.

“Талибан” кыймылынын Карачи шаарындагы башкы консулу Абдул Жаббар Тахаринин билдирүүсүндө, камактагы 3 миңден ашуун оогандык мекенине кайтарылды, арасында аялдар менен балдар бар.

“Акыркы эки айда 460тан көп оогандык жаран мыйзамдуу документтери болгону менен кармалып, кийин депортацияланды”,- деп айтты талибдердин өкулү.

Ал эми Ирандын Нимроз провинциясында соңку 9 айда темир тор артында отурган 300дөн ашуун ооганды өткөрүп беришкени кабарланды.

Кеп болгон эки өлкөдөгү оогандыктар негизинен мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалат.

БУУнун Качкындар агенттигинин маалыматы боюнча Пакистанда ушу тапта 3 миллиондон ашуун оогандык башкалкалайт. Иранда 4,5 миллиондой качкын жашайт, басымдуу бөлүгү оогандар.

“Талибан” жана Исламабад акыркы үч айда Пакистандан жарым миллиондой ооган мекенине кайтарылганын билдиришти.

Исламабад мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу өнөктүгүнүн алкагында оогандык 1.7 миллиондой киши 1-ноябрга чейин чыгып кетишин талап кылган.

Эл аралык уюмдар Иран менен Пакистан миллиондогон кишини Ооганстанга кайтарууну улантса, арты гуманитардык апаатка алып келерин эскертишүудө. Болжол менен 40 миллиондой калктын үчтөн бир бөлүгү гуманитардык жардамдын эсебинен күн көрүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG