Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

“Бир дүйнө-Кыргызстанда” эки тасманын көрсөтүлбөй калышы боюнча чара көрүлдү


Фестивалдын ачылышы. 2023-жыл, 27-ноябрь.
Фестивалдын ачылышы. 2023-жыл, 27-ноябрь.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык кинофестивалынын алкагында эки фильмди көрсөтүүгө тыюу салган чечимге байланыштуу айрым кызматкерлерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин маалыматына таянып, "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматта “Кыргызтасма” мамлекеттик киноборбору мекемесинин директору Т.Төлөбековго "эскертүү", кино жана видеофильмдерди жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы П.Борбиевага "сөгүш" берилгени жазылган. Аларга "тапшырылган эмгек милдеттерин укукка каршы аткарганы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн" чара көрүлгөнү белгиленген.

“Бир дүйнө - Кыргызстан-2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте өткөн XVII эл аралык фестивалында "Кыргызтасма" эки фильмди көрсөтүүгө тыюу салган. Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова тыюу салынган чыгармалар италиялык режиссёр Барбара Купистинин “Согуш мезгилиндеги эскерүүлөр” жана украиналык режиссёр Алиса Коваленконун “Биз жоголбойбуз” тасмалары экенин айткан.

Биринчи фильмде Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети чагылдырылган. Ал эми экинчи даректүү тасмада режиссёр Коваленко согуштан тышкаркы дүйнөнү көрүүгө мүмкүнчүлүк тапкан Луганск облусунун өспүрүмдөрү тууралуу баяндайт.

Фестивалды уюштуруп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылы буга чейин көрсөтүлө турган тасмаларга мамлекеттен уруксат алыш үчүн “Кыргызтасма” мамлекеттик кино борборуна 17-октябрда кайрылып, 14-ноябрда бардык тасмаларга мамлекеттик күбөлүк алган. Бирок “Кыргыз тасма” бул даректүү тасмалардын каттоо күбөлүгүн 21-ноябрда жокко чыгарганын расмий маалымдаган. Буга аталган тасмаларда “экстремисттик көрүнүштөр камтылганы” себеп экени айтылган. Буга байланыштуу аталган уюм Кинематография департаментине арыз жазган.

Мындан сырткары адам укуктары бузулуп жатат деген негизде Конституциялык сотко жана Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG