Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери кеңешинин мүчөсү болуп шайланды


Жусупбек Коргонбай уулу
Жусупбек Коргонбай уулу

Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 21-декабрда болуп өттү.

Ага талапкерлигин эки депутат: "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Мейкинбек Абдалиев жана "Мекенчил" депутаттык тобунун мүчөсү Жусупбек Коргонбай уулу коюшту.

Добуш берүү жабык өтүп, 71 депутаттын добушу менен Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин атынан шайланды.

Депутат кесиптештерине ишеничи үчүн ыраазылыгын билдирип, Мекен, адилеттик жана акыйкаттык үчүн салым кошууга даяр экенин айтты.

Сот адилеттиги кеңешинин курамында буга чейин Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынан Русланбек Жакышов мүчө болчу. Ал 13-декабрда өз каалоосу менен кеткен.

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Конституцияга ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиялдуу орган.

Кеңештин негизги милдети Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун бош кызмат орундарына талапкерлерди тандап, аларды дайындоого сунуштайт.

Кеңеш 12 мүчөдөн турат, анын үчтөн экисин соттор, үчтөн бирин президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG