Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Прагада университеттеги куралдуу кол салуудан ондон ашык киши каза болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Чехия полициясы борбор калаа Прагадагы ок атылган окуянын чоо-жайын териштире баштады. 21-декабрда Карлов университетинде белгисиз адам ок атуучу куралдан ок чыгарганын, каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин, анын өзү өлтүрүлгөнүн полиция кабарлады.

Соңку маалымат боюнча, кол салган кишини кошкондо 11 адамдын өмүрү кыйылды, тогуз адамдын жарааты оор, 5-6 киши орточо оор абалда, дагы 10 киши жеңил жараат алды.

Праганын мэри Богуслав Свобода ок чыгарган киши бийиктиктен секирип, каза болгонун айтты.

Баштапкы маалыматка караганда, ал ушул эле окуу жайдын тарых факультетинин студенти болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал атасын атып өлтүргөнүн, эми башкаларды да жок кыларын айтып кыйкырган.

tn.cz агенттиги имараттын чатырында колуна курал кармап турган эркек кишинин сүрөтүн жарыялады.

Окуу жай жайгашкан Ян Палах аянты жана анын тегереги курчоого алынып, полиция ал жакка барбай турууну эскертүүдө.

1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.

Чехияда жарандардын ок атуучу куралга ээ болуу укугу Конституцияда 2021-жылы бекитилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG