Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны 6 миңге чукулдады


Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023
Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 900 адамга жетти. Бул тууралуу, бүгүн 22-декабрда министрлер кабинетинин кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, республика боюнча быйыл 10 айда кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи дозасы менен камтылышы 76%, экинчи дозасы 76,5% түздү.

Жыйында эмдөө боюнча иш-аракеттерди күчөтүп, анын ичинде эмдөөнүн мааниси жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Министрлер кабинети вакциналарды сатып алуу үчүн керектүү финансылык каражаттарды бөлүнөрү айтылды.

Тийиштүү мекемелерге, анын ичинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана муфтиятка Кыргызстандын мусулман коомчулугунун жана башка диний конфессиялардын арасында эмдөө иштерин уюштурууда жана өткөрүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Быйыл кызамыктан алты бала чарчап калды. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алып келингенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-декабрда “Азаттыкка” курган маегинде билдирген. Министрдин маалыматында, 16 миң баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан. Алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүгүнөн улам келишкенин айткан.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миң жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө.

ЮНИСЕФ уюму тараткан баяндамага ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө оорунун тарашы боюнча Кыргызстан Казакстандан кийинки экинчи орунда турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG