Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:03

Бокс: Дмитрий Бивол британиялык Линдон Артурду жеңди


Дмитрий Бивол менен Линдон Артур. Беттеш учурунда
Дмитрий Бивол менен Линдон Артур. Беттеш учурунда

Теги кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол британиялык атаандашы Линдон Артурду жеңип, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук курун коргоп калды. Ушунуменен Бивол чемпиондук курун он биринчи жолу сактап калды. Ошондой эле Дмитрий Бивол Эл аралык бокс уюмунун версиясы (IBO) боюнча жарым оор салмактагы чемпиондук курга дагы ээ болду.

Беттеш 24-декабрга караган түнү Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өттү. 12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти. 11-раунда Бивол атаандашын нокдаунга кетирди.

Бивол акыркы жолу 2022-жылы 6-ноябрда мексикалык мушкер Хильберто Рамирес менен чыгып жеңип алган.

Дмитрий Бивол 32 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыккан. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, ал жактан машыгуусун уланткан. Бокс боюнча ышкыбоздор арасында жаштардын дүйнө чемпионатында коло байге (2008-ж.) жана Дүйнөлүк Универсиадада күмүш байге алган. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 22 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын утуп келе жатат.

Ал айрым беттешүүлөрүнүн алдындагы машыгууларын Кыргызстанда өткөрүп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG