Дүйнө жүзүндө акыркы 28 күндүн ичинде коронавирус менен ооругандар өткөн айга салыштырмалуу 52% көп катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жума сайын чыгарган маалыматында айтылат.
28 күндүн ичинде COVID-19 менен ооруган 850 миң адам катталып, үч миңдейи (өткөн айга салыштырмалуу 8% азайды) көз жумган. 118 адам ооруканага жаткырылды.
Уюм вирус жок боло электигин, адамдар андан дагы эле жабыркап жатканын жана инфекция дем алуу органдарынын ооруларынын бири катары кала бериши мүмкүндүгүн белгилейт.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы июнь айында жарыялаган. Ага ылайык, вирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталып, расмий эсепте 206 миңден ашуун адамга жуккан. Үч миңдей киши каза тапты. Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.
Вирус чыккан 2019-жылдан бери аны дүйнө жүзү боюнча 772 млн. киши жуктуруп, 7 млн. адам көз жумду. 2023-жылы 5-майда ДССУ коронавирус жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирген. (TSh)