Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Ташиев: Эми базарларда контейнерлердин ээлери ижараны арзандатышы керек


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эми Кыргызстанда базарлардагы контейнерлердин ээлери ижара акысын төмөндөтүшү керек экенин айтты. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 25-декабрда УКМКнын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып билдирди.

“Эми дагы бир тапшырма бар - базарлардагы контейнерлердин кожоюндары менен сүйлөшүү. Себеби, бир эле кишинин 3-4, 10дон контейнери бар экен. 50-60 миң доллардан баштап 100-200 миң долларга чейин чыккан контейнерлер бар экен. Аларды акчасы көп бай адамдар сатып алып коюшуп жөнөкөй соодагерлерге 20 миң сомдон баштап 300 миң сомго чейин ижарага берет экен. Кээ бирлери бир-бир жарым жылга алдын ала ижара акысын алып коюшат экен. Ал жерде соода болобу эч кимдин иши жок. Ушул маселени чечишибиз керек”, - ал.

Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ири жана чакан базарларда жерге болгон ижара акылары 30-50% чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

Ноябрь айынын аягы, декабрь айынын башында Кыргызстандагы бир нече ири базарлардын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга каршы бир нече жолу митингге чыгышты.

Бул окуялардан кийин 6-декабрда Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” экенин билдирген.

Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан.

Президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга “Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG