Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Баткенде көшөгө фестивалы өтүп жатат


Көргөзмөгө коюлган көшөгө. 25-декабрь, 2023-жыл
Көргөзмөгө коюлган көшөгө. 25-декабрь, 2023-жыл

Баткен мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен “Айгүл Тоо” тарыхый-маданий комплекси “Көшөгө” фестивалын өткөрүп жатат. Көргөзмөгө облус аймагынан көшөгө, сайма, туш кийиз, жаздык, балыш, курак, дастаркон, шыптык, чарчык жана башка кол өнөрчүлүккө байланыштуу буюмдар коюлду. Уюштуруучулар көргөзмөгө VI кылым мурда колдо жасалган көл өнөрчүлүктөн баштап ошол мезгилдеги ыкма, саймалардын негизин сактап жаныланган түрлөрү коюлду.

«Бир мезгилде жанданган бул өнөр жана көшөгөнүн актуалдуулугу азыр да сакталып турат. Аймакта азыр деле жаңы келинге көшөгө, туштук тартуу кеңири колдонулуп келет. Андыктан, бул өнөрдү андан ары жандантуу, жаштар арасында популярдуулугун арттыруу, тарыхый өнөрдү өркүңдөтүү максатында бул иш - чара уюштурулду »-дейт уюштуруучулардын бири, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров.

Уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар да белгиленген.

Акыркы жылдары Баткен мамлекенттик университети Баткен облусунун аймагында тарыхый изилдөөлөрдү уюштуруп, Чехиядан кесиптештери менен атайын келишимдер түзүп, тарыхый казууларды да жүргүзүп келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG