Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Өзбекстанда кримтөбөл «Бахти Ташкентскийдин» уулу кармалды


Өзбекстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учуру. 7-декабрь, 2023-жыл.
Өзбекстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учуру. 7-декабрь, 2023-жыл.

Ташкентте бир катар кылмышка шектелип, алты киши кармалды. Коңшу өлкөнүн баш калаасынын полициясы тараткан маалыматта алардын арасында «Бахти Ташкентский» деген каймана ат менен таанылган кримтөбөл Бахтияр Кудратуллаевдин уулу Ихтияр Кудратуллаев да бар экендиги айтылат.

27 жаштагы Ихтияр «кылмыштуу топ менен биргеликте өтө чоң көлөмдө опузалап талап кылуу» беренеси менен шек саналууда. Өзбекстандын мыйзамында мындай берене менен айыпталган жаранды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

2-декабрда Ташкенттин полициясы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жапырт кармаган. "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деген каймана ысым менен Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр камалган.

Ташкент шаардык полициясынын башчысынын биринчи орун басары Даниёр Ташхожаев жергиликтүү медиага Бахтияр Кудратуллаев "уюшкан кылмыштуу топ менен иш жүргүзгөнүн, ага жетиштүү далилдер бардыгын" айткан.

73 жаштагы шектүү олигарх, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланышы бар Салим Абдувалиев да декабрдын башында кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG