Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Алексей Навальный Ямал-Ненецк аймагындагы абакта экени билинди


Түрмөдөгү оппозиционер Алексей Навальный
Түрмөдөгү оппозиционер Алексей Навальный

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Ямал-Ненецк автономдуу округундагы Харп кыштагында өзгөчө кайтаруудагы колонияда экени 20 күндөн кийин билинди. Бул тууралуу саясатчынын санаалаштары кабарлады.

Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш түрмөдө оппозиционер менен авдокаты кезиккенин, «баары жайында» экенин жазды. Харп кыштагы түндүктө жайгашкандыктан, азыр күндүз күндүн бети көрүнбөйт. Кыштак Лабытнанги шаарына баш ийет. Воркута аркылуу өткөн темир жолу барат.

"Түбөлүк тоңдор жаткан аймакта шарты өтө катаал. Ал жакка жетүү кыйын, кат-кабар же Zonatelecom да жетпейт", - деп Навальныйдын санаалашы Иван Жданов жазды.

Харпта өзгөчө режимдеги эки колония бар. Навальный номер 3-колонияда отурат. Ал жерде буга чейин Михаил Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев, украиналык режиссер Олег Сенцов жаза өтөгөн.

47 жаштагы Навальный 2021-жылдын январь айынан бери түрмөдө отурат. Быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган.

Буга чейин Ив Роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылга кесилген. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет. Ал 2021-жылдын башында Германиядан дарылануудан кайтып келгенде Москвада аэропортто кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG