Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Бишкекте 55 жаштагы аял бейтапканада каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 55 жаштагы аялга антибиотик сайылгандан көп өтпөй, өзүн жоготкон.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, маркум жашаган жеринде жүрөк оорусуна байланыштуу кардиоревматологго такай көрүнүп турган.

"Антибиотик дарыны дарыгер дайындаган, бул дары Кыргызстанда каттоодон өткөн. Учурда бул окуя ар тараптан иликтенип жатат", - деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек департаментинин маалыматында, 2022-жылы антибиотик сайдыргандан көп өтпөй анафилактикалык шок же аллергиялык реакция 14 кишиден катталып, алардын төртөө кайтыш болгон.

Быйыл январда Кыргызстанда тогуз адам цефтриаксон дарысын алгандан кийин анафилактикалык шок болуп, бири көз жумган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG