Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

Навальный арктикалык аймактагы абакта экенин ырастады


Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.
Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.

Орусияда дайыны дээрлик үч жумадан кийин табылган камактагы саясатчы Алексей Навальный Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы колониядан алгачкы катын жарыялады. Бүгүн 26-декабрда Телеграмга жарыялаган катында ал колдоо көрсөткөндөргө рахматын айтып, баары жайында экенин билдирди.

Өзгөчө тартиптеги бул колонияга Челябинск, Екатеринбург, Воркута шаарлары аркылуу алып барышканын, жол өтө узак болгондуктан көпкө чейин кимдир бирөө таап барарынан күмөн санап отурганын, адвокаты барганда таң калганын, абактагы күндөр адаттагыдай өтүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Навальный Владимир облусундагы өзгөчө тартиптеги колонияда кармалып отурган. 6-декабрдан тартып аны менен эч ким жолуга албай калган. Адвокаттарга саясатчыны башка жакка которушканы айтылган, бирок каяка экени белгисиз болуп жаткан.

Кремлдин башкы сынчысы, 47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурат. Быйыл августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Ив Роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Арктика - Жер шарынын эң суук аймактарынын бири. Андагы айрым аралдар Орусияга таандык. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG