27-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын аймагына учкучсуз 46 учак менен чабуул жасаганын, алардын 32си атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү маалымдады.
Украинанын түштүк аймактары Shahed-131/136 учактарынын чабуулуна кабылды. Одесса облусунда 12, Николаевде үч, Винницада эки жанкечти дронду атып түшүрүшкөнү кабарланды.
Атып түшүрүүгө үлгүрбөй калышкан дрондордун көбүнүн чабуулу согуш жүрүп жаткан аймакка жакын Херсон облусуна туура келгени, соода борбору жана көп кабаттуу үйлөр жабыркаганы белгилүү болду.
26-декабрда Херсон шаарынын вокзалы аткыланып, полициянын бир кызматкери каза болгон. Эвакуациялык поездди күтүп турган 140 жай тургунду Николаевге чейин автобус менен, андан ары Киевге поезд менен жеткиришкен. (RK)