Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Быйыл тогуз айда Кыргызстанга 654 млн 621,9 миң доллар инвестиция келген


2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан 654 млн 621,9 миң доллар түз инвестиция келген.

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчисинин орун басары Жибек Абдуллаева 28-декабрда журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, инвесторлордун топ башында Кытай 157,8 млн доллар менен турат. Орусия 131,7 млн доллар салган болсо, Казакстандын инвестициясы 54,9 млн долларды түздү.

2022-жылы Кыргызстанга 341,6 млн доллар инвестиция салган Түркия сап башында турган.

Абдуллаеванын сөзүнө караганда, түз инвестиция негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жайы, байланыш, соода жана башка тармактарга салынган.

Улуттук статистикалык комитет 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө кирген түз инвестициянын суммасын 429 млн доллар деп эсептеген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 31,7% аз. Айрым ишкерлер Кыргызстанга инвесторлордун келбей жатканынын себебин мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер "үлүш" сураганын себеп кылып келет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып жатканын, укук коргоо органдары айрымдарынын каражатын кайра кайтарып берген учурлар бар экенин Фейсбуктагы баракчасында жазды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG